И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту Орузбаев Кубанычбек Кудашевичти 75 жылдыгы менен куттуктайт!
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту Орузбаев Кубанычбек Кудашевичти 75 жылдыгы менен куттуктайт!
  • 20 Сен 2024
  • 1868
  • 0

И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту Орузбаев Кубанычбек Кудашевичти 75 жылдыгы менен куттуктайт!

 

Кубанычбек Кудашевич — отставкадагы авиациянын генерал-майору жана «Кыргызстан аба жолу” Улуттук авиакомпаниянын экс-президенти.

Авиациядагы жолу 1961-жылы Кавказ Кызыл Туулуу Суворов атындагы аскердик окуу жайына тапшырып, аны 1967-жылы ийгиликтүү аяктагандан кийин башталган. 1972-жылы Киев жогорку авиациялык инженердик окуу жайын бүтүрүп, андан соң илимий карьерасын улантып, 1978-жылы аспирантураны аяктаган.

 

Кубанычбек Кудашевич Кыргызстандын авиациясына гана кызмат кылбастан, анын өнүгүшүнө зор салым кошкон, 1980-жылы техника илимдеринин кандидаты илимий даражасын, 1986-жылы доцент наамын алган.

 

Анын өмүр баянынын ар бир барагы Кыргызстандагы жарандык авиациядагы маанилүү окуялары менен айкалышып турат. ( ушуну которо албай койдум, же алып салайлы.  Анын өмүр баянынын ар бир барагы окуяларга бай, ал бизге Кыргызстанды асмандан карагандай кеңири көз караш менен көрсөтүп, авиациянын тарыхынын өзгөчө байэкендигин  ачып берет.

Кубанычбек Кудашевичке чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайбыз. Алдыда көптөгөн жаңы жетишкендиктер, кубанычтуу көз ирмемдер көп болсун!