Кыргыз авиациялык институт - Куралдуу күчтөрүнүн Жогорку аскердик институту: кызматташууну бекемдейбиз!
- 11 Июн 2024
- 7490
- 0
11-июнда, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту менен түзүлгөн кызматташуу келишимин ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн К. Усенбеков атындагы Жогорку аскердик институтунун өкүлдөрү иш сапары менен окуу жайга келишти. Алар И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун ишмердиги менен таанышып, студенттеринин даярдык деңгээлине жана окуу базасынын сапатына жогорку баа беришти. Иш чаранын жүрүшүндө эки тарап тең бул кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.














