ИКАОнун регионалдык директору Николас Ралло иш сапары менен КАИге келди
- 29 Янв 2025
- 6292
- 0
29-январда Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) регионалдык директору Николас Раллонун институттун жетекчилиги жана студенттер жамааты менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуу учурунда Николас Ралло жарандык авиациянын келечегине, учуу коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту башкаруунун жаңы ыкмаларына өзгөчө көңүл бурду. Анын пикиринде, инновациялык технологиялык чечимдерди иштеп чыгууга, альтернативдик күйүүчү май түрлөрүн түзүүгө жана экологияга зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууга өзгөчө маани берүү керек.
Ошондой эле, Николас Ралло студенттер менен баарлашып, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.
Сапардын жүрүшүндө Николас Ралло институттун окуу жана лабораториялык базасы менен таанышып, авиациянын жана институттун тарыхы музейин көрүп чыкты.
Институттун жетекчилиги жана студенттери Николас Ралло мырзага, өзүнүн окуу жайга келиши менен, чоң урмат көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдиришет.
Эл аралык жарандык авиация уюму (ИКАО) мамлекет-мүчөлөр жана кызыкдар тараптар менен кызматташуунун негизинде, жетекчилик принциптерди жана стандарттарды иштеп чыгат, алардын сакталышын текшерет, изилдөөлөрдү жана талдоолорду жүргүзөт, жардам көрсөтөт, авиациялык мүмкүнчүлүктөрдү арттырат жана башка көптөгөн ишмердүүлүктөрдү жүзөгө ашырат.














